Рэпер Тимати жеке концертинде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын формасын кийип чыгып, күйөрмандарын таң калтырды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, белгилүү рэп аткаруучу Тимати өзүнүн жеке концертинде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунда кие турган форманы жеке концертинде эл алдына кийип чыккан. Концертке келген көпчүлүк жана футбол күйөрмандары үчүн бул окуя күтүүсүз болгон.
Спорттук форманы чыгарган фирманын өкүлүнүн айтымында, бул футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого болгон алгачкы кадамдардын бири.
"Улуттук курама команданын формасын эң белгилүү рэп аткаруучулардын бири болгон Тиматинин концертинде жөн жерден көрсөткөн жокпуз, муну менен биз келе жаткан Дүйнө чемпиондугунда Орусиянын улуттук курама командасын колдогонго бардык муундун өкүлдөрү жана жылдыздар даяр экенин баса белгилегибиз келди", - деген ал.
Жаңы форма СССРдин 1988-жылдагы футбол боюнча курама командасынын формасына окшош тигилген, анткени команда дал ушул жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында алтын медалды жеңип алган.