Ош облусунун Кара-Суу районунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен Nissan Almera унаасы кагышып, 5 адам жаракат алды. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаеванын SUPER.KG'ге билдиришинче, кырсык бүгүн, 7-ноябрь күнү саат 07:00 чамаларында Ош-Бишкек унаа жолунун 15-чакырымында катталган.
Кичи автобуста Тажикстандын 24 жараны болгон.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Тажикстандын жарандары Орусиядан келе жатышкан. Жол кырсыгынан 5 адам жаракат алып, алар ооруканага жеткирилишти", - деди Сатарбаева.
Учурда кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүүдө.