Бишкекте милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматынан Казакстандын К.А. жана Д.Ж. аттуу жарандары арыз менен кайрылышкан. Анда алар Свердлов РИИБинин кызматкери Б.А. чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү боюнча маселени оң жакка чечип берүүнү убадалап, 8 миң сом алганын жана дагы 20 миң сом талап кылып жатканын айтышкан.

"6-ноябрь күнү Свердлов РИИБинин кызматкери Б.А. 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ularik_kg
2017-11-07 11:43:41
Акырына жазып койбопсунар, (Эми бизда 500.000 сом алып чыгарып койобуз билбей каласынар) деп
+5
gute
2017-11-07 11:53:47
Карганын козун карга чукубайт дейт илгертен. Буларды кайра эле чыгарып жиберишет, жумуштан да айдабайт.
+3
jbolotov
2017-11-08 00:19:41
gute,Карганын козун каргалар ото чукулашып калган азыр. Эптеп результат коргозмой акчасын саамай, ушундай система азыр.
+1
islamik
2017-11-07 12:25:23
АША балта мн чаап балгарка менен кесчи кана королу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан