"Жактоочу Канат Хасановдун үйүнө кирген белгисиз адамдар боюнча ыкчам тергөө тобу иш алып барууда", - деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов.
"Жактоочу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар киргени боюнча арыз келип түшкөн. Арыз Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери каралып жатат. Учурда Хасановдун коңшулары суралып окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш жүргүзүүдө", - деди Оморов.
Окуя болгондон кийин жактоочу Канат Хасанов милиция кызматкерлери чакырылган убакыттан кечигип келгенин айтып нааразы болгон.
"Ал учурда ыкчам тергөө тобу башка чакыруунун үстүндө иш алып барып жаткан. Арыз ээлери чалуудан кийин милиция көп убакытта келди деп нааразычылык билдирип жатат. Бирок башка чакырууда жүргөн ыкчам тергөө тобу ал жакты да кетип калбай карашы керек", - деп түшүндүрдү Оморов.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-ноябрда камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов үйүнө түндө белгисиз адамдар киргени боюнча билдирген.