Кореяда 13-кабаттан боюн таштаган аял жолдон өтүп бара жаткан кишинин үстүнө түшүп экөө тең каза болду

Сеул шаарынын 58 жаштагы жашоочусу көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан боюн таштап каза болду. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, ал жолдон өтүп бара жаткан кишинин үстүнө түшкөн.

68 жаштагы жаран бул учурда күндөгүдөй эле жумушка бара жаткан. Капысынан үйдүн 13-кабатынан аял үстүнө түшүп, экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок көп өтпөй алар алган жаракаттарынан улам көз жумушкан.

Жергиликтүү полиция бийиктиктен боюн таштаган аял депрессияда жүргөнүн айтып, бул абал аны өз өмүрүн кыюуга жеткирген деп билдирген.

Түштүк Корея Экономика жана өнүгүү кызматташтыгы уюмуна кирген 34 өлкөнүн ичинен өз өмүрүн кыйгандар боюнча алдынкы орунда турат. 2017-жылы Түштүк Корея өкмөтү адамдардын өз өмүрүнө кол салуусунун алдын алуу жана жок кылуу аракеттерин жүргүзүү үчүн 8,9 миллион доллар каражат бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sezima89
2017-11-08 08:56:28
Кудай сактаа өзү эле өлбөй күнөөсүз бир байкуштунда өлүмүнө себепчи болуптурда.
+7
Too-tash
2017-11-08 09:08:22
Корея, Япония, Кытай ж.б. 68-70 жаштагы улгайган адамдардын кор тиричилик деп иштеп журушу кадимки эле корунуш окшойт. Тилекке каршы биз да ошол доорго барып калдык, демократия, капитализм деп отуруп... Эми гана Союздун кадырына жетип жатабыз....
+4
Pandora
2017-11-08 09:09:07
Кудай сакта
+2
beknur95
2017-11-08 09:26:08
Байкуш жаман болгонго
+1
Kaken08
2017-11-08 09:28:34
"Олгондун устуно комгон" болуптур да...
+1
Gena1
2017-11-08 10:23:45
Ажал да...
+1
Man87
2017-11-08 14:24:10
Жайы бейиштен болсун
0
Kuyoo_bala
2017-11-09 02:25:34
Каач кааач деп кыйкырып тушпоптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан