Америкалык ырчы Мэрайя Кэринин арыктоо максатында ашказанын кичирейткени айтылууда

Соңку жылдары америкалык ырчы, продюсер жана актриса Мэрайя Кэринин бир топко салмак кошуп, толуп кеткенине жалпы күйөрмандары күбө. Ырчы өзүн арык көрсөтүү максатында интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрүн фотошоп менен жасап жүктөгөн учурлар да катталып, колдонуучулар тарабынан ар түрдүү сын-пикирлер айтылып келген. Ал эми жакында эле аты-жөнүн жашырган ырчынын жакындарынын бири чет элдик басылмага маек берип, Кэри ашыкча толуп кеткени үчүн абдан тынчсызданып, 1 ай мурун ашказанын кичирейтүү үчүн операцияны башынан өткөргөнүн айтып берген.

Маалым болгондой, операция Беверли-Хиллздеги белгилүү клиникалардын биринде өткөн.

"Ал дайыма өзүнүн келбетине суктанчу. Бирок жайында гастролдук турнеде жүрүп, толуктугунан улам бийлегенге ыңгайсыздык жарала баштаганын байкаган. Андыктан азыраак тамактанып, арыктоо максатында ашказанын кичирейткен. Операция болгондон бери 1 ай өттү, азыр абалы жакшы", - деген ал.

Белгилей кетсек, ырчы 1-ноябрда Голливуддагы кечелердин бирине кара түстөгү денеге жабышкан көйнөк кийип келген. Анда чын эле мурункуга салыштырмалуу ичи тартылып, бели бир аз ичкере түшкөндөй элес калтырган. А бирок Кэри өзү бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nevestkaa
2017-11-08 09:30:37
Ичиндеги майларын да алдырган окшойт ичи кирип кетиптир го.
0
bekub1473kg
2017-11-08 09:36:19
Бул ырчыга караганда менин апам сулуу он эсе
-4
Gena1
2017-11-08 10:04:33
bekub1473kg, апаныздын сулуу экендиги талашсыз. Бирок, апанызды корунгон ырчыга салыштырып кереги жок. Апанызды периштеге гана салыштырсаныз жетиштуу. Кээ бирде ушундай учурлар болот, апасынын бутун астын эл козунчо обот апасын да ынгайсыз абалга калтырып. Андан коро эч ким жокто кагып-силкпей, катуу айтпай ыраазы кылган жакшыраак. Апакебиздин бутун уйдо жууп берип атсак (жууп коюу керек болуп калса) ошондо ооп койсок эн туура болот. Бул менин жеке оюм.
+7
Gsuita
2017-11-08 09:46:59
Ар бирибиздин апабыз сулуу өзүбүзгө.
0
AKCAHAT
2017-11-08 12:53:53
Ашказанын кичирейткен мн оозу тынбай чайнап турса мунусунда деле чонойот ашказан. Аппетитин контролдош керек. Нака американка болуп калыптырго фаст фуд фигура)))
+4
love_you
2017-11-08 16:47:29
кооз купальникчен чыгып алганбы). Америка десе эле укмкуш ойлор келет бирок эн бактысыз адамдар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан