Вьетнамдын түштүк жана борбордук бөлүгүн кыйроого алып келген "Дамри" бороонунан каза болгондордун саны 89га жетти. Булардан тышкары 18 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу АР басылмасы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды.
Бороондон кеминде 170тен ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Маалыматта белгилүү болгондой, бороондун кесепетинен 370 турак үй кыйрап, 49 миңдей имарат зыян тарткан. Кханьхоа провинциясынан айрым райондорго толугу менен суу толду.
Эскерте кетсек, аталган бороон Вьетнамды 4-ноябрда каптаган. Анын кесепетинен башында 27 адам өлүп, 30дай киши дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
"Дамри" бороону ушул жылы Вьетнамда катталган тайфундардын он экинчиси. Эске сала кетсек, аталган өлкөдө 11-бороон октябрь айында катталып, анда 50дөн ашык адам каза болгон.