Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 7-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында ГЭС-5 жана Жер-Казар айылынын ортосунда болгон. Анда Пежо үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1975-жылы туулган Т.Т. жана анын уулу 2011-жылы туулган Т.Н. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочунун аялы 1977-жылы туулган Т.Р., 1999-жылы туулган уулу Т.И. жана 2012-жылы туулган кызы Т.А. унаанын ичинен өз алдынча чыгып кетишкен. Алар эч кандай жаракат алышкан эмес. Окуя болгон жерге барышкан куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгондордун жансыз денелерин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.