Ысык-Көл облусунда эки унаа кагышып 4 адам жаракат алды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 7-ноябрь күнү кечке жуук Жети-Өгүз-Каракол унаа жолунун 12-чакырымында Мазда үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц-230 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинен 4 адам жаракат алган.
Куткаруучулар кырсык болгон жерге саат 19:30да барышып жаракат алгандарды "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жиберишкен.