Малайзияда крокодил бир адамды жеп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазат.
Маалыматка ылайык, Малайзиянын Сабах штатында куткаруучулар крокодил жеп кеткен адамдын денесинин калдыктарын табышкан. Каза болгон киши 5-ноябрда балык кармоо үчүн кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес. Күбөлөрдүн айтымында, кишини крокодил сүйрөп кеткен. Куткаруучулар 2 күн бою издөө иштерин жүргүзүшкөн, аягында окуя болгон жерден 7 чакырым алыс жерден анын денесинин калдыктарын табышкан.
Расмий маалыматка караганда, 2010-жылдан 2016-жылга чейин Малайзияда крокодилдердин кол салуусунан 27 адам өлгөн. Каза болгон адамдардын көбүнчөсү таажылуу крокодилдердин курмандыгы болушкан.
Таажылуу крокодилдер - дүйнө жүзүндөгү эң чоң жырткычтардын бири болуп эсептелет. Алардын узундугу 7 метрге чейин жетсе, салмагы 2 тоннадан ашат.