"Атанын керээзи" тасмасы Москвада өткөн эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды

"Атанын керээзи" тасмасы дагы бир сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда тасманын сценарийин жазгандардын бири Дастан Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында, Москва шаарында өткөн эл аралык «Лучезарный Ангел» ХIV кайрымдуулук кинофестивалында "Эң мыкты дебют" наамына ээ болгон. Иш-чара 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин уланган.

Бул жылы аталган фестивалга катышуу үчүн 460 тасманын жаратуучуларынан арыз түшүп, анда Орусия, Беларусь, Армения, Грузия, Италия, Ирак, Иран, Украина, Швеция жана Кыргыз өлкөсүнөн тасмалар көрсөтүлгөн.

"Атанын керээзи" тасмасынын сценаристтери - Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу. Аталган фильм буга чейин Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын "Мыкты киносценарист" сыйлыгына татыктуу деп табылган. Ага чейин Бакыт Мукул бул тасма 16-сыйлыгын алганын SUPER.KG порталына маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
newman
2017-11-08 15:24:41
Ушу тасманы 1 жылдан ашык реклама болуп жүрөт. Сатыкка качан өзү
0
grace
2017-11-08 17:16:24
Кино жаатында өнүгүү жакшы жолдо экен. Жемкорлор аз, демек. Башка тармактарда да ушундай өсүп-өнүгүү болсо деген үмүт Кудайым буюрса.
+1
nurbegim_88
2017-11-09 00:44:12
Жылдын эң көп сыйлык алган киносу болду окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан