Орусиялык режиссёрдун Кыргыз баласы тууралуу тарткан "Сулайман-Тоо" тасмасы Кытайда өткөн кинофестивалда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, орусиялык режиссёр Елизавета Стишованын алгачкы "Сулайман-Тоо" эмгеги Кытайдын Пинъяо шаарында өткөн эл аралык "Крадущийся Тигр, Затаившийся Дракон" кинофестивалында калыстар тобунун чечими менен италиялык режиссёр Роберто Росселлининин наамындагы баш байгеге жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" сыйлыгына ээ болгон. Бул фестивалга ар кайсы өлкөдөн келген 40тан ашуун тасманын ичинен мыкты деп аталган "Сулайман-Тоо" ушул жылдын сентябрь айында Торонтодо өткөн "Открытие" эл аралык кинофестивалына да катышып ийгилик жараткан.
"Сулайман-Тоо" тасмасында балдар үйүнөн алып келинген Улук аттуу бала жана аны асырап алган Карабас деген кишинин жашоосундагы ар кандай турмуштук кырдаалдар, окуялар чагылдырылган. Жаратуучулардын айтымында, алар тасма аркылуу башында максат кылган ойду толугу менен көрүүчүгө жеткире алышкан.