Статистикага таянсак, өнүккөн өлкөлөрдө да ар бир катталган 3 адам өлүмүнүн бирөөнүн бети ачылбай, себептери белгисиз бойдон калат экен. Табышмактуу өлүмдөрдүн курмандыктары бир гана жөнөкөй адамдар эмес, атактуулар дагы болот. Мындай белгисиз жагдайлардан улам өлүмгө кептелип, анын себептери табышмак же күмөн боюнча калган атактуулардын айрымдарын билбесеңиз айтып, билгениңизди эсиңизге салалы. Полиция кызматкерлери же экспертизанын жыйынтыктары айткан себептер күмөн жараткан атактуулардын өлүмдөрүн санайбыз.
Ханайым Диананын өлүмү эки ача ойлорду жаратып келет
Ханзаада Чарльздын жубайы, падышанын мураскери Диана Париждеги тоннелде 1997-жылдын жайында автокырсыктан каза тапкан. Ханайымдын көптөгөн фанаттары анын күтүүсүз каза тапкандыгына ишенбей турушту. Официалдуу тыянакка караганда, Диананын унаасын катуу ылдамдыкта папарацци тартуучулар кубалаган. Алардан качып баратканда айдоочу рулду башкара албай, тоннелге келгенде унаа кырсыкка кабылган.
Өлүмдүн башка версиясы да бар. Анда ханайым Диана кабылган кырсык британиялык падышалыктын үй-бүлөсү тарабынан атайын уюштурулган делет. Диананын Египет миллиардери Мухаммед Аль-Файеддин баласы Доди Аль-Файед менен мамилеси болгон. Шыбыр-күбүр кептер, албетте, улуу падышачылык үчүн жакшы пикирлерди алып келмек эмес. Ошол себептен ханайымдын көзүн тазалоо бул нерсеге биротоло чекит коймок деген версия бар. Эгер бул версия чын болгон күндө да ошол кездеги полиция падышачылыктын атайын уюштурган ишин ачыктамак беле, суроо. Айтмакчы, Диананын жансыз денеси чыккан унаадан миллиардердин мураскери Доди Аль-Файеддин да өлүгү табылган...
Жолдошу өлтүргөнү белгисиз же өзү өлгөнү белгисиз актриса Натали Вуд
"34-көчөдөгү керемет", "Дейзи Кловердин ички дүйнөсү", "Туура келген бейтааныш менен болгон сүйүү" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан, 40-жылдан 80-жылдарга чейин таанылган америкалык актриса Натали Вуд 1981-жылы 43 жашында кайтыш болгон. Анын өлүмү алгач түшүнүксүз жагдайлар менен белгисиз боюнча жабылып калган. Бир канча убактан кийин полиция өлүм тууралуу кайрадан иш ачкан.
1981-жылы 30-ноябрь түнү Натали жолдошу Роберт Вагнер жана анын досу Кристофер Уокен менен Калифорниядагы Санта-Каталина аралына яхта менен сейилдөөгө кеткен. Үчөөнөн башка яхтанын капитаны Деннис Дэверн да болгон. Анын айтымында, ошол түнү Натали жолдошу Роберт менен уруша кеткен. Айтымында, жолдошу аялын өзүнүн досу Уокенден кызганган дейт. Кристофер Уокен жубайлар маселесин өз ара чечип алышсын деп оолак басып кеткен. Капитандын полицияга берген көрсөтмөсүндө уруш кыйкырык, түшүнүксүз шум менен коштолгонун айтып берген. Маселе трагедияга айланып кетерин алдын ала сезген капитан жубайлардын жанына барганда жолдошу Натали кайыкка түшүп алып жээкке кетип калганын айткан.
Өлүмдүн себептерин иликтөө учурунда Натали суудан өлөрчө коркорун жакындары билдиришкен. 1949-жылы ал тартуу учурунда сууга чөгүп кете жаздаган окуядан кийин суу анын фобиясына айланганын күйөрмандарынан бери билишчү. Ал тургай чоң суунун жанында туруп киного тартылуудан да баш тартып жүргөн.
Вуддун жансыз денесин суудан табышканда ал түнкү көйнөк жана күрмөчөн болгон. Анын денеси көк ала, ургандан калган ар кандай тактар менен табылган. Өлүмдүн официалдуу версиясында актриса спирт ичимдигин көп ичип алгандыктан, тең салмактуулугун жоготуп сууга түшүп кеткен делет. Ошентсе да окуяга күбө болгондор "аял суудан жардамга чакырып кыйкырган болчу" дешкен.
Марти Раллинин "Кош бол, Натали, кош бол!" китеби жарыкка чыккандан кийин полиция актрисанын өлүмү тууралуу жаңы илинчектерге кайрадан кайрылган. Тактап айтканда, аталган китепте капитан Деннис Дэверндин баяны камтылган. Күбөлөрдүн мындай божомолдоруна карабай, актрисанын жолдошу өлүмгө шектүү болсо дагы анын бетин ачууга колунан келген бардык жардамын көрсөтөрүн айткан. Анын мындай билдирүүсү Наталинин күйөрмандарын туңгуюкка кептелткен.
Брюс Линин өлүмүндөгү версиялардан баш адашат
Өмүрүнүн дээрлик бардыгын уруш искусствосуна жана өз тулку боюнун үстүнөн тыкыр иштөөгө сарптаган адам баш оорунун дарысынан өлүшү мүмкүнбү? 32 жашында бул жашоо менен кош айтышкан, көпчүлүктүн кумири Брюс Линин өлүмү коомчулукта эмдигиче кайчы пикир, талкууларды жаратып келет.
1973-жылы 20-июль күнү гезиттердин биринин башкы бетине "Брюс Ли көз жумду!" деген макала чыкты. Окурмандар макаланын бул аталышын тасмада Брюс Ли жараткан каарман өлгөн экен деп маани деле беришкен эмес. Гезитти колго алып окугандар анын өлүмүнө ишене албай көпкө турушкан. Бир нече убакыттан кийин анын өлүмү расмий тастыкталган соң күйөрмандар дүрбөлөңгө түшө башташкан. Дүйнөдөгү күчтүү деген эркектердин бири, ден соолугунан эч күмөн жаратпаган актёрдун өлүмүн эч ким күткөн эмес болчу.
Албетте, өлүмдүн версиялары калкып чыга баштады. Расмий билдирүүлөргө караганда, Ли табигый өлүм, башкача айтканда, баш мээнин шишигинен каза тапкан. Мындан бир нече күн өтпөй ал киши колдуу болгону дагы айтыла баштаган. Күйөрмандардын башын тумандаткан дагы бир окуя - анын өлүмүнө карата врачтын чыгарган бүтүмүнүн жоголуп кетиши болду. Башка версияларда Брюс Лини анын көңүлдөшү Бетти Тинг Пей үйүндө эсин жоготуп жыгылганда ооруканага алып келгени айтылат. Андан кийин актёр баңгизатын ашыкча колдонуп алгандан улам көңүлдөшүнүн үйүндө каза тапкан деп чыгарышкан. Дагы бир имиште Ли кытайлык "Триада" кылмыштуу тобунун курмандыгы болгон деп да айтылат.
Баарынан кызыктуу версия катары актёрду киллер өлтүргөн деген версия саналат. Тактап айтканда, "өз мөөнөтүнөн кийинки өлүм техникасы" деп аталган өзгөчө соккуну жасай алган киллер мурда чаап койгон дешет. Эгер дал ушундай техниканы билген адам бирөөнү согуп койсо, ал бир айдан кийин өлүп калат имиш. Баса, актёрдун күйөрмандары анын өлүмүнө көпкө чейин ишенишкен эмес. Кумиринин өлүмүнө ишенгенден көрө "ал душмандарынан жашырыныш үчүн коомчулукка "өлдү" деген кепти тараттырып койду" деген нерсеге ишенүү жеңилирээк болгон.
Мерилин Монронун өлүмүнө ким күнөөлүү?
Легендарлуу актриса, көптөгөн муун үчүн секс-символ катары таанымал Мерилин Монро 1962-жылы 5-августта өз үйүндөгү уктоочу бөлмөдөн өлүү табылган. Көпчүлүктүн арасына "ал дарыны ашыкча колдонуп алгандыктан жүрөгү сокпой калган" деген версия тараган. Бул дарыгерлер чыгарып берген тыянак. Ал эми сырдуу өлүмдөрдүн чоо-жайын иликтеген конспирологдордун версиясына таянсак, "актрисаны Американын атайын кызматтары өлтүргөн" деген кептер айтылат. Алардын айтымында, актриса ошол учурдагы АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди менен көңүлдөш мамиледе болуп келген. Эгер актриса менен президенттин ортосундагы мындай мамилелерге учурунда чекит коюлбаса Кеннедиге импичмент жарыяланышы күтүлмөк. Анын эң оңой жолу Монронун көзүн тазалоо болчу делет башка версияларда. Ошону менен катар актриса баңгизат жана спирт ичимдиктеринен көз каранды болуп келген деген да кептер айтылат. Чын-бышыгы бүгүнкү күнгө чейин деле так эмес.
Сөөгү өрттөлүп, күлү марихуанага аралашып чегилген рэпер Тупак Шакур
Алгачкы жолу дүйнөдө элесине арналып эстелик тургузулган рэпер Тупак Шакур 25 жашында октон каза болгон. Бир жолу Тупакка ок атылган болчу, 5 жолу. Бирок андан өлбөй, жашап кеткен. Экинчи ирет рэпер жаракатын көтөрө алган жок.
Шакур кылмыштуу топтун курамында болуп түрмөгө бир эмес, бир нече жолу отуруп чыккан. Ал дайым жагымсыз окуяларга тушугуп, алардын азабын жакшы эле тартчу. 1994-жылы Шакур зордуктоого шектелген, чечим угузулардан 1 күн мурун аны тоноп туруп аткылап кетишкен. Анын өмүрүнө кол салууга душмандары, рэперлер Puff Daddy жана Notorious B.I.G. шектелишкен. Ушул күндөн тартып "көчө бандаларынын" арасында "согуш" башталган.
1996-жылы 7-сентябрда Тупак жана анын досу Шуг Найт чер жазуу үчүн түнкү клубдардын бирине барышат. Бирок жолдон Шуг Найттын унаасына белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Шакурга 4 ок тийип, аны оор абалда жакынкы ооруканалардын бирине алып келишкен. Жасалма дем алдыруучу аппаратта 6 күн жатып, 13-сентябрда рэпер көз жумган.
Бул өлүмдүн айланасында көптөгөн сөздөр жүргөн. Айрым версияларда досу Шуг Найт өзү буюртма берип аттырган дешет. Айрымдары анын өлүмү коомчулук үчүн жасалма иретте жарыяланып, ал дагы деле тирүү деп ишенип келишет. Баарынан кызык версия катары анын өлүмүнө рэперлер Puff Daddy жана Notorious B.I.G. экөөнү шектеп келишет. Тупактын денесин достору өздөрүнүн ырым-жырымы боюнча өрттөшүп, көмөр алдында күлүн марихуанага кошуп чегишкен. Аны кимдер өлтүргөндүгү ушул кезге чейин так аныктала элек.
Микаэлдин өлүмү эмне болду?
Мындай окуялар чет өлкөдө эле эмес, Кыргызда да болуп келгени баарыбызга маалым. Алсак, Микаэль деген каймана ат менен таанымал болгон ырчы маркум Мирлан Даутовдун өлүмү азыркыга чейин сыр боюнча келет. Окуяга кайрылсак, ырчы Микаэлдин канга боёлгон жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 2010-жылдын 31-мартында кечки саат 6-7лер чамасында табылган. Анын денесине 22 жолу бычак сайылып өлгөнү кыргыз коомчулугун 7 жыл мурун желдей каптаган. Күбөлөрдүн айтымында, анын денеси батиринен табылганы менен подъезддин баары канга боёлгон болчу.
Кылмышка карата илинчек табылбай, шектүү катары 25-майда “Микаэлди өлтүргөн” деген шек менен досу Э.Т. кармалган. Кийин сот Э.Т. тергөөчүлөр тарабынан кыйноого алынган деп 2012-жылы актаган. Ал эми 2014-жылы "Ырчы Микаэлдин өлүмү боюнча шектелген адамды кыйноого алган" деп шектелген Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын алты кызматкеринин үчөө акталып, үчөө 4 жылга эркинен ажыратылганы маалым. Мындан ары маркум Микаэлдин өлүмү тууралуу учук уланбай токтоду. Эгер соттун чечимин анык деп эсептесек, ырчыны өлтүргөн адам учурда эркиндикте десек туура болот... Сыр боюнча калган бул өлүмдү азыр эстеген деле киши жоктой.