Талас облусунда катталган жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, дагы экөө оор жаракаттары менен ооруканада

Талас районунда жол кырсыгы катталып, анда 2 адам каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анда белгилүү болгондой, кырсык 8-ноябрга караган түнү, саат 2лер чамасында болгон.

"Жол кырсыгы тууралуу тийиштүү материалдар топтолууда. Ал эмнеден улам келип чыкканы белгисиз. Окуя болгон жерден 22 жаштагы 2 жаран каза болгон, дагы экөө оор абалдар облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилишкен. Ооруканадагылардын биринин аты-жөнү тактала элек. Толук маалымат чогултулган соң кырсыктын жагдайлары тууралуу кабарлайбыз", - деп билдирди аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2017-11-08 12:32:31
Мындай темптте кетсек 1 орундан тушпойбуз авария боюнча
+3
Aidar151080
2017-11-08 20:13:08
almanbetperm, 1-орун эч нерсе эмес жок болуп кетпесек болду. Өзүбүздү өзүбүз кырып.
+1
aiba.8327
2017-11-08 12:36:05
кайрангана кулгун жаш...ай жок эми
+3
sirgak_92
2017-11-08 12:37:21
Кыргызстанда согуш болуп аткандай эле болуп атат.Бийлик бири бирине генералды бербей ушу койгойду токтотолу.
+5
Karaan
2017-11-08 13:21:00
Жоопко тартылган Бир дагы МАИ жетекчилери жок
+3
anonymous
2017-11-08 20:49:20
Жаңылыктан окушпайт го
+1
bakulya2015
2017-11-09 00:06:45
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Жиним келип жатат бийликке элдин жашоосунун кызыгы жокпу неге шайланды мыналар иштебейби кырсыктын алдын алуу учун тартип кучотуп бир аз жардам бербейби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан