Бишкекте 1 кызды зордуктап, андан кийин аны сабап өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 8-ноябрда билдиришти.
"1996-жылы туулган Европа түспөлүндөгү кыздын жансыз денеси болжол менен бир жума мурун Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн жанынан табылган. Кыздын денесин кароо учурунда ал зордукталып, андан кийин сабалып өлгөнү белгилүү болгон. Маркум кыз Чүй облусунун тургуну болуп чыкты", - деп билдирди аталган кызматтан.
Бул кылмыш ишине шектүү катары 1993-жылы жана 1994-жылы туулган эки адам кармалып, камакка алынгандыгы кошумчаланат маалыматта.