Таиланддын Паттайя шаарынын Нетханок Нокюнгтонг аттуу жашоочусу, 20 жаштагы аял жаңы төрөгөн ымыркайын үйдүн 17-кабатынан ыргытып жиберди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ал баласын кореялык Ким аттуу көңүлдөшүнөн төрөгөн. Бирок ал көз жарганга жакын көңүлдөшү өзүнүн үй-бүлөсүнө кетип калган. Буга ачууланган аял баласын терезеден ыргытып жиберген.
Нетханок менен 40 жаштагы Кимдин мамилеси 2 жылга созулган. Аялдын боюна бүтүп калган кезде Ким боюнан алдырууну айткан.
"Нетханок өзү баланы камсыздай албай тургандыгын билгени менен, боюнан алдырууну да каалаган эмес. Бул учурда Ким Кореяда аялы жана балдары бар экенин айтып, үй-бүлөсүнө кетип калган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Нетханоктун толгоосу мөөнөтүнөн эрте келип, эч кимдин жардамысыз төрөгөн.
"Жуунуучу бөлмөнүн баары кан болуптур. Нетханок өзү нес абалда эне болууга даяр эместигин айтты. Төрөгөндөн көп убакыт өтпөй ал баланы желим баштыкка салып 17-кабаттан ыргытып жиберген. Аны жолдон өтүп бара жаткандар көрүп калып полицияга кабар берген", - деп билдирген жергиликтүү полиция.
Алар белгилегендей, ымыркайдын денеси текшерүү үчүн өлүкканага жеткирилген. Медициналык экспертиза бала дени сак төрөлгөнүн, бийиктиктен түшкөндөгү жаракатынан улам чарчап калганын аныктаган.