Ысык-Көл облусунун Түп районунда 17 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-ноябрда ӨКМнын облустагы башкармалыгынан тастыкташты. Маалым болгондой, кырсык 7-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында райондогу Бирлик айылына жакын жерге түшкөн.
"Анын кесепетинен С.Иманалиев аттуу жигит каза болуп калган. Ошондой эле чагылган түшкөндө 1 жылкы өлгөн", - деп кошумчалады аталган кызматтан.