Бишкек-Торугарт айланма жолунун 52-чакырымында 3 унаанын катышуусундагы кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта кырсыктан улам 1 адам каза болгону айтылат.
"9-ноябрь түнү саат 04:30да ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Бишкек-Торугарт айланма жолунун 52-чакырымында 3 унаа кагылышкан жерге барышкан. Окуя болгон жерде 1 оор жүк ташуучу унаа, 1 Мерседес Бенц Гигант үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, ошондой эле дагы бир Мазда-323 үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен Мазда-323 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган С.Ч. аттуу жаран кырсык болгон жерден каза болгон. Аны куткаруучулар унаадан алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдирди ӨКМдан.