Кечээ, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Бахрейн-БАЭ курама командаларынын беттеши орун алды.
Бул беттеште Бахрейн курамасы БАЭ курамасына каршы туруп, 1:0 эсебинде жеңип алды. Беттеш кызуу уланып эки команда тең кооптуу чабуулдарды уюштуруп жатышты. 73-мүнөттө БАЭ командасы чабуулга баратып катага жол берди, атаандашынын катасынан улам Бахрейн командасы контр-чабуул уюштуруп, Али Хасан Мефтахтын күчү менен эсепти 1:0 кылды.
Бул жыйынтык менен Бахрейн курамасы 7 упайга ээ болуп 3-орунга көтөрүлдү. Ал эми БАЭ командасы 9 упай менен 1-орунду камсыздап, Азия чемпиондугунун кийинки этабына өттү. Оман курамасы 2-орунду ээлеп, Азия чемпиондугунун кийинки этабына өтүү үчүн башка группалардагы беттештердин жыйынтыгын күтүүдө. Кыргыз курама командасы 6 упай менен 4-орунда жайгашып чемпиондуктун кийинки этабына өтпөй калды.