Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун үйүнө ууру кириши боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Хасанов "Ата Мекен" партиясынын мурдагы лидери абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтер уурдалганын айткан.
9-ноябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Хасановдун Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызынын негизинде "уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, 7-ноябрга караган түнү Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар ууруга киргени тууралуу маалымат тараган.