Сауд Арабияда өлкөдөгү коррупциялык иликтөөлөргө байланыштуу эки жүздөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, Сауд Арабиянын башкы прокурору 9-ноябрда коррупциялык схемаларынан өлкө 100 миллиард доллардан ашуун зыян тартканын билдирди. Анын айтымында, иликтөө үч жыл жүргөн.
Падышалыкта бир жарым миңден ашуун банк эсептери тоңдурулду. Иликтөө өлкөнүн аймагынан тышкары жерлерде дагы жүргүзүлүүдө. Бириккен Араб Эмиратынын борбордук банкы Сауд Арабиядагы 19 букарасынын эсептери боюнча маалымат сурады. Банкирлер көптөгөн кардарлар аймактагы активдерин сатып кетип жатканын айтышкан.
5-ноябрда Сауд Арабиясында 11 ханзаада, төрт азыркы жана ондогон мурдагы министрлер кармалган. Ишти мураскор ханзаада Мухаммад бен Салмандын көрсөтмөсү менен жаңы түзүлгөн Коррупция менен күрөшүү комитети алып барууда.