Опузалоо жолу менен пара талап кылган Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматта белгилүү болгондой, аталган кылмыш иши боюнча 9-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты Э.А. 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
"ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 28-октябрь күнү Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери Ош шаарындагы Ленин жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишинен арыздануучунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын токтоткон. Андан соң аны Ош облусу жана Ош шаары боюнча БМЖККБнын мекемесинин короосуна автоунаасын киргизип койгон. Автоунаанын ачкычын, күбөлүгүн алып, опузалоо жолу менен 300 доллар акча каражатын талап кылган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган фактылар боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-берененин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берененин 1-бөлүмүнө (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Кармалган милициянын кызматкери Кыргыз Республикасынын УКМКБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул кылмыш ишин Ош облусу жана Ош шаары боюнча УКМКсы иликтеп жатат", - деп билдиришти ИИМден.