Чүйдө "Инкар-Йакын" тобунун лидери кармалды

Чүй облусундагы Беловодск айылында мечиттердин биринде Кыргыз аймагында тыюу салынган "Инкар-Йакын" тобунун лидери 47 жаштагы К.Н. кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экстремисттик топтун лидери К.Н. диний кыймылдардын өкүлдөрү жана лидерлеринин жылдык чогулуштарына катышуу үчүн Индия жана Бангладешке 20дан ашуун жолу барып катышкан.

"Ал 2003-жылдан баштап тыюу салынган адабияттарды орус жана кыргыз тилдерине которуп, жалпы 20 китепти которгон. Ошондой эле шектүүнүн 2 аялынан 12 баласы бар, алардын баарына мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык эмдөөлөрдү алдырбасы, каттоого туруу жана балдарынын мектептен билим алышына бөгөт коюп келгени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Кармоо учурунда кыргыз жана орус тилиндеги китептер табылып, дин иштери боюнча Кыргыз мамлекеттик комиссиясына теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Корутунду табылган китептерди "Инкар-Йакын" диний агымына кире турганы аныкталган.

28-октябрда аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттар, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) боюнча кылмыш иши козголгон.

3-ноябрда Москва райондук соту экстремисттик топтун лидерин 2 айга камакка алып, ал жашаган 2 дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берген.

8-ноябрда 2 дарек боюнча тинтүү иштери жүрүп, экстремисттик түрдөгү китептер жана CD-дисктер табылган. Бардык табылган материалдар дин иштери боюнча Кыргыз мамлекеттик комиссиясына диний экспертизага жөнөтүлгөн.

"Инкар-Йакын" - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. 2017-жылдын 15-июндан баштап экстремисттик топ катары эсептелип, Кыргыз аймагында тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2017-11-10 16:25:22
Тиги Азхария деген дисктер жон гана Куран уйронуу учун чыккан дисктер го.Аны бардык мечиттерде эле сатат китептери менен кошо.Негизи мечиттерден коп коробуз,суннот кийим кийим кийип чачын остуруп жургон адамдарды, менимче алардын зыяны деле жок го,качан корсон адамдарды жакшылыкка чакырып, намаз окуп,диндин камын коруп жургонун коросун,билишимче алар пайгамбарыбыздын жолун жолдоп суннотун бекем кармагандар,себеби пайгамбарыбыз:Ким кимге озун окшоштурса акыретте ошолор менен кошо тирилет деген
+9
gute
2017-11-10 16:53:50
Омур бою эркинен ажыратыш керек мындайларды
-8
Ahmad2015
2017-11-10 19:35:45
Аа эмнеге баптист йоговистердидагы кармабайт же алар экстремист эмеспи ошол эле беловодский айылында барго дом малитвы деп
+6
KIPCHAK-KALMAK
2017-11-11 18:16:49
сектант калдун бакшылар адамдардын башын айлантырып ширк кылып журушот олорду кармабайбы магия сагия деп шайтан образа человека мына ушулар эн коркунучтуулар
+2
cfif03748
2017-11-12 12:08:25
"Инкар Йакын" деген эмнени тушундурот.ошол тууралуу жазбайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан