Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында болгон.
"Жалал-Абад облусунун тургуну 1975-жылы туулган О.И. өзүнүн башкаруусундагы жеңил унаасы менен Ош шаарына бара жатып, Куршаб айылынан жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Ал жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, маркум 1959-жылы туулган Б.С. аттуу тургун экенин аныкташкан. Жогорудагы факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга киргизилди", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.