ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: Журналдардын башкы бетине жылаңачтанып сүрөткө түшүүнү эң алгачкылардан болуп баштаган америкалык актриса Деми Мур 55 жашка толду

Америкалык актриса Деми Мур АКШнын Нью-Мексико штатындагы Розуэлл шаарында туулган. Апасы менен өгөй атасы аз камсыз болгон, ичкиликке берилип, улам сайын түрмөгө камалып, кайра чыккан адамдар болгондуктан 16 жашында мектепти таштап, кошунасынын кеңеши менен моделдик кесипке аралаша баштаган.

Андан соң актрисалык өнөргө болгон кызыгуусу күчөп 1982-1983-жылдары "Башкы бейтапкана" сериалына тартылса, 1988-жылы "Жетинчи жышаан" деген фильмде эң алгачкы башкы ролун аткарган. Ал эми "Арбак", "Бир канча жакшы балдар", "Адепсиз сунуш", "Стриптиз" жана башка белгилүү тасмаларга тартылган соң Голливуддун 10 миллион доллар гонорар алган эң алгачкы актрисасы болгон. 1997-жылы "Дубалдар сүйлөсө кана..." киносундагы образы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.

Кыздары менен

Актриса буга чейин 3 жолу турмушка чыккан. Биринчи жолдошу Фредди Мур менен 5 жыл бирге түтүн булатып, ажырашкан соң Брюс Уиллис аттуу актёрго турмушка чыккан. Аны менен 13 жыл чогуу жашап, 3 кыздуу болушкан. Бирок бул никеси да туруктуу болбой, жыйынтыгында 3-ирет Эштон Кутчер деген актёр менен үй-бүлө курган. Тилекке каршы, түгөйлөр 6 жылдан соң ажырашып кетишкен.

Деми Мур тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Мур - биринчи жолдошунун фамилиясы. Түгөйлөр ажырашкан соң Деми Мур аты менен элге таанылып калган актриса фамилиясын ушул боюнча калтырууну туура көргөн;
  • Чынында Мурдун келбетин идеалдуу деп айтууга болбойт. Себеби актрисанын көзү тубаса кылый болгондуктан аны операция аркылуу түздөткөнү жана мурдунун формасын кырдач кылып өзгөрткөнү айтылып келет;
  • "Стриптиз" тасмасындагы ролу үчүн 12,5 миллион доллар гонорар алган;
  • Алгачкы жолу төрөгөндө кызынын жарыкка келгенин тартуу үчүн 3 оператор жалдаган;
  • Белгилүү журналдардын бетине жылаңач сүрөткө түшүүнү эң биринчилерден болуп баштаган актриса. Ал 7 айлык боюнда бар кезинде "Vanity Fair" журналынын башкы бетине жылаңачтанып сүрөткө түшкөн;
  • Куурчактарды чогултууну жактырат, келечекте куурчак музейин ачууну кыялданат;
  • "Кыздарымды өз алдынча чечим чыгарууга үйрөтсөм, менин ата-энелик милдетим аткарылган болот", - деп айтып келет;

11-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан