Бишкекте турак жай менен кошо кийим тиккен цех күйүп кетти

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак жай күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 10-ноябрда түнкү саат 11:30дар чамасында Ильменская көчөсүндөгү турак жайлардын биринен чыккан.

Кырсык болгон жерге 4 өрт бригадасы барып түнкү саат 01:30дар чамасында чектөөгө алышып, саат 03:50лөр чамасында толук өчүрүшкөн.

Ошондой эле аталган маалыматта тилсиз жоодон үйдүн 180 чарчы метр чатыры жана экинчи кабатында жайгашкан кийим тигүүчү цех, анын ичиндеги 36 кийим тигүүчү машина күйүп кеткени айтылат.

Басма сөз кызматынан учурда өрттүн себеби такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ady-88
2017-11-11 11:35:07
Мына сага кырсык кудай сактасын. Ошон учун айтылатда кудай алам десе алып койот берем десе берип койот.
+3
Nurmat92
2017-11-11 12:03:48
Кыргызстандын баардык жеринен кан чыгарып жыт чыгарып куран окубасак болбой калды. Күнүгө кырсык басмай болду өлкөбүздү. Анысы ааз келгенсип Россия менен Казакстан кол шилтеп атат.
-1
Ayida
2017-11-11 13:07:27
Nurmat92,кан чыгарып жыт чыгарсан эле болбой каоатбы?Адам пейилин оноп машинаны секин айдап озунун нормасында,жана намаз окусун эн биринчи тообо десин.Арамдан качсын козу ачыктар жоголсун
+11
Tyty1990
2017-11-11 13:47:35
Ayida,азаматсын туура айттын.
+7
Emillexus
2017-11-11 12:48:59
Жаман иш болуптур
+1
Ayida
2017-11-11 13:08:49
Мазарга сыйынып Аллахга сыйынбай козу ачык ордочулар аккуулардын кесирида тийип атат элге.Сойкулар ага баргандар сут корлор кобойуп кесири тийип атат
+4
Ayida
2017-11-11 13:09:46
Праваны сатып алып учуруп айдап оздору да куноолу болуп атат
+1
Ayida
2017-11-11 13:10:37
Ал эми бул орт жеке адамдыкы зекетин бербесе Кудай алып койот оной эле.Бериш да Кудай учун оной эле.
+2
Ayida
2017-11-11 13:14:07
Эгер зекет берип журсо адам ал акчадан азайбайт кобойот. 100%гарантия.Зекет бербесе арам тамак болуп калат.Зекет берип журсо душмандары ортоймун деседа он келтирбей койот Аллах.Эки периште эрте мн тушуп жерге зекет бергендерге Аллах берекесин берсин.Зекет бербегендерден чыгаша чыксын дейт экен
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан