Сокулук районунун Новопавловка айылында чоң бетон курулуш плитасы ичинде 5 адам бар үйдүн үстүнө кулап, 1 аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндөгү 28-үйгө авто кран плита коюп жатып тросс үзүлүп кетип, коңшу жайгашкан №30-турак үйдүн үстүнө плита түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (1 эркек, 3 аял, 1 жаш кыз) жабыркап, 1 аял каза болгон. Жабыркаган 4 адам туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген", - деп билдирди аталган кызматтан.