Жалал-Абадда үлпөт тойдо жаңжал чыгарып, милицияга каршылык көрсөткөн адамдар коомдук жумуштарга тартылууда

Жалал-Абадда милицияга баш ийбей кызматтык унааларын талкалап жаңжал чыгарган адамдар коомдук жумуштарга тартылууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-ноябрда Жалал-Абад шаарында үлпөт тойдо унаалары менен жол кыймылына тоскоолдук жаратып, сөгүнүп, коомдук тартипти бузган жаштарга Патрулдук милициянын 2 кызматкери барып эскертүү берүүгө аракет кылышкан. Бирок мас абалындагы жигиттер баш ийбей, алардын кызматтык унаасынын алдынкы бөлүгүн жана бир күзгүсүн талкалап салышкан. Мындан кийин милиция кызматкерлери кошумча топту чакырып ага да баш ийбеген адамдардын тобун асманга ок атып жатып тынчтандырышкан.

"Бул факты боюнча 25 жаштан 29 жашка чейинки Ноокен районунун 18 тургуну кармалган. Учурда 234-берене (бейбаштык) жана 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Алардын 13ү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 5 күнгө камакка алынып, коомдук жумуштарга тартылууда жана аталган жаңжалдын уюштуруучулары делген 5 адам 2 айга камакка алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Sagyn.91
2017-11-11 19:20:23
Мындай достордун барынан жогу жакшы! Жакшылык кунундо ушинтип уят болуп отурсак, кайын тарапка. Просто соз жок да!
+9
cfif03748
2017-11-11 20:05:24
Тура кылыпсынар.5кундо кыйла жерди тазалап коюшат.а так коруп журобузго тойлорду.жолдо.атасы салып койгон жол менен журушконсуп журушот.айтмакчы шопурлар да барбы экен.биринчи кезекте ошолорду да жазалаш керек
+2
Nevestkaa
2017-11-11 20:42:22
Соолугуп тыпылдап шыпыргы кармап жүрөт го чиркин кечээки баатырлар.Болот экен го сонун чечим чыгарса .Милиция аке ырас болот дегенсип карап турат го.Өмүр бою лакапка калышат экен да жанагы үйлөнгөндө көчө шыпырганбыз дешип.
+7
Dalil
2017-11-11 21:16:54
Жакшы чечим. Ушинтип катуу кармап тартип киргизсеңер жакшы. Шаар дагы кыйла тазарып калат экен. Ичип мас жүргөндөрдү тутуп эле иштете бергиле шаар да коом да тазарат.
+13
sunu2015
2017-11-11 21:20:30
Эн туура жазалаптыр
+3
Tyty1990
2017-11-11 21:28:42
Наш суд самый гуманный суд в мире ууррраааа
+13
amin1986
2017-11-11 21:44:48
Танцага тушкуло эми красавчиктер сонун жумуш
+3
bosmos77777
2017-11-11 22:14:04
Эсте каларлык, уйлонуу той болуптур!!! Жалалабаттын укук коргоо кызматы " улгу" болорлук иш жасаптыр.
+6
Almazbek81
2017-11-11 23:01:47
Туура кылыптыр бул балдарга шаарда жаткан мусорлорду чогултуруш керек туалетерди тазалатыш керек
+3
AzKumFerDan
2017-11-11 23:28:25
Той сонун болуп уузааака соозулуптурда
+1
abdillaevna-96
2017-11-12 00:06:57
Итиндин сага дос болгону жакшы,
Досундун ит болгону жаман.
0
sherzatik
2017-11-12 08:15:21
Балдар эмес малдар экен! Жүрөгүңдө ыйманың болбосо адам эмессиң!!!
0
Nur_everlast
2017-11-12 13:23:42
5 күн эмес 1 ай иштетиш керек шаар таза болуп калат
0
munar_8700
2017-11-12 23:50:24
Той да болот тойдун эртеси да болот шерменделер
0
munar_8700
2017-11-12 23:51:30
Браво сотко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан