Ысык-Ата районунда мас айдоочунун айынан 7 жашар кыз жана анын таенеси каза болду

Ысык-Ата районунда мас айдоочунун айынан 7 жашар кыз жана анын таенеси каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Кант шаарында болгон.

"7 жаштагы кыз апасы, таенеси болуп циркке барып кайра келе жатышкан. Ошол учурда айдоочу унаасы менен келип аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы кыз жана таенеси каза болду. Ал эми апасы ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери барышып, айдоочуну кармашкан. Ал мас абалда болгон. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
islamik
2017-11-13 09:25:16
Кудай сактасын жайлары жаннатта болсун. Жаз кызга боорум ооруп жатат, айдоочуну катуу жазалаш керек же крышасы бар болсо жазаланбай калабы???
+7
Eli.91
2017-11-13 09:27:45
Бир гелесонун айынан,2 адамдын омуру кыйылды,Кудайым кылган куноолорун кечирип Бейишинен оорун берегу кор тайенесине,ал Эми 7 жашар кыз периште болуп учуп кетти.
+11
Asankun
2017-11-13 09:44:01
Eli.91,сага ким айтты периште болуп кетти деп?
Периштелерге антип жалаа жаппа
-13
Aza17
2017-11-13 10:00:46
Asankun,билбесен билип кой. эч бир куноосуз периште сыйактуу кетти. Балагатка жеткинче жашбалдарга куноо жазылбайт демек алар эч бир сураксыз периште сыйактуу бейишке киришет.Туугандарына сабыр.
+8
bermet104
2017-11-13 10:02:40
Иий 7 жаштагы кыз циркке барып, ушунчалык сүйүнүп келатса керек эле... Аттиң! Аллахым Бейиштен орун берсин! Мас болуп алып эмнеге рулга отурушат. Күндө 2-3 авария болуп атканын көрүп,угуп эле атышат да
+6
admin_superstan
2017-11-13 10:03:50
Karaan, этика нормаларын сактаңыз.
0
bond02
2017-11-13 10:05:22
Демек кээ бир айдоочулар цирктеги айбанаттардан да томон болуп кетиптир да.
+2
kechirmeni
2017-11-13 10:13:47
Туугандар,акыркы мезгилдерде жол кырсыктары аябай эле кобойуп кетти,келгилечи озубузчо аны жоюунун жолдорун талкуулап королу.Менимче
1.мас айдоочуларга штрафты кобойтсо,2.Айдоочулук куболукту узагыраак алып койсо,3.алкоголь ичимдитердин салыгын кобойтуп,баасын жогорулатып койсо,4.ТВде,мектептерде,жол эрежелери жана ичимдиктин зыяны тууралуу кобуроок айтышса ж.б
+5
barsbegKG
2017-11-14 00:55:34
kechirmeni,Сиздин оюңузга толугу менен болбосо да кошулам. Мен да өз оюмду айтайын математика сабагын, тарых адистигин бүткөн киши берсе кандай болот билесиз да??? Ушул нерсенин баары жетекчиге көз каранды... У. Исраилов айтты айдоочулар күнөөлүү деп. А мен айтам ошолорду тыйып жазага тарта албаган жетекчиде күнөө. Ээлеген кызматын тапшырса жакшы болмок!
0
Eli.91
2017-11-13 13:44:24
Мен Периште болуп кетти деп 7 жаштагы кызды айтып датам,кыз бала балакатка 9 жаштан жетилет,аа эркек бала болсо 11 жаштан балакатка жетилет,бул кыз 7 жаштагы кыз болуп жатбайбы,эчбир куноосу жок наристе бойдон кеттида,балакатка жетбей каза болгондорду Периште бойдон кетти дейт болбосо куш болуп учуп кете берди деп койот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан