Жети-Өгүз районунда эки унаа сүзүшүп айдоочу каза болду

Жети-Өгүз районунда эки унаа сүзүшүп айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 12-ноябрь күнү саат 18:50 чамасында Кызыл-Суу айылында болгон.

"Нива үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ниванын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген. Ал эми Жигулидеги эки адам жеңил жаракат алышкан. Жабыркагандар Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2017-11-13 10:09:47
Кудай сакта. Эмне эле болуп атат кунуго авария каза болгондор
+1
Eli.91
2017-11-13 10:18:01
Жаткан жери жайлу болсун,ал Эми жаракат алгандар айыгып кетишсин.
+1
Nazaroff1974
2017-11-13 10:32:33
Кечээ выходной болгон окшойт тээ устудо да.А бугун 2,анан сразу эле учунчусу.План толо электир пока что кечке дейре.Кыргызга Тынар айткандай автоунаа кепери ысык келип калган окшойт.Ат араба,олесепит эле жарашат окшойт.Сабатсыз иттер(тоюсь менттер)даракка жашынып андыгандан башка функция аткаралбай калышты.Ушу кичине олкодо транспортный коллапс жаралды.Урегулировать эткен эч ким жок,кресло андымай менен алек 24ноябрды кутуп,арттары булкулдоп.'Коопсуз шаар' жоопсуз шаарга айланды.
0
Karaan
2017-11-13 11:23:29
Nazaroff1974,олесепит де)))))
0
kechirmeni
2017-11-13 10:35:21
Тооба кылдым эмне эле болуп жатат, жер жерлерде тулоо откоруп, Кудайдан куноолорубузго кечирим сурап, кудайыларды откорсок кантет эле. Илгери ата бабаларыбыз , Кудайдан жамгыр тилеген убакта же ушундай кыйынчылыктарда Кудайдан тилеп суранышкан,имамдардан жол жобосун сурап ушундай иш чараларды откорсок жакшы болоор беле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан