Шыкмаматовдун сотунда күбө катары эксперт Ниязбек Бугубаев суралды

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары эксперт Ниязбек Бугубаев суралды. Анын корутундусуна ылайык, 2011-жылы Шыкмаматовдун аялыныкына окшош унаалардын орточо рыноктук баасы 10 миң доллар турган.

"Орточо рыноктук баа унаанын сапатына, кошумча комплектилерине карата өзгөрөт. Менин корутундум Шыкмаматовдун аялынын унаасына тиешеси жок. Балким, ал унаа ошол учурда 15 миң доллар турган болушу мүмкүн", - деди Бугубаев.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан