Мындан 4 жыл мурун 13-ноябрда саат 19:00дөр чамасында кыргыз элине таанымал шоумен, тамада Бакыт Букаевдин жансыз денеси өзүнүн батиринде табылгандыгы тууралуу суук кабар элге желдей тараган. Анын сөөгү 15-ноябрда туулуп-өскөн айылында жерге берилген. Букаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакын санаалаштары, жакындары катышкан. 44 жаштагы Бакыт Букаев Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулуп өскөн. Анын артында жубайы жана эки баласы калган.
Табышмактуу өлүм (13.11.2013)
Бакыт Букаев 2013-жылдын 13-ноябрында дагы бир жакшылыкта кызмат көргөзүп берүү тууралуу алдын ала сүйлөшүлгөн, бирок айтылган күнү айтылган саатта сүйлөшүлгөн жерге келбегендигин айтышып маркумдун эң жакын санаалаш досторунун бири Нурдөөлөт Копоевге кайрылышат. "Кээде кан басымы жогорулап ден соолугу начарлап кетчү эле" деп кабатырланган Копоев, Букаевдин үйүнө издеп барат. Эшиги бекилип, бирок үйдүн жарыгы жанып турганын көрүп Копоев мурда Букаев өзү берген ачкыч менен үйдү ачып маркумдун канга боёлгон жансыз денесин таап, дароо милиция кызматкерлерине кабарлаган.
"Белгилүү тамада Бакыт Букаевди анын тааныштары өлтүргөн" деген божомолдор (14.11.2013)
Маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу тастыкталып, кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы "белгилүү тамада Бакыт Букаевди анын тааныштары өлтүргөн" деген версия кылдат иликтене баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кылмышкер үйгө эшик аркылуу кирген. Иликтөөчү топ Букаевдин жакын тааныштарынын арасында сурак жүргүзүшүп, 14-ноябрда карата шектүү катары эч ким кармалган эмес.
Маркумдун моюну алды жагынан эки жолу кесилип, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылган. Көкүрөгүндө чылымдын чогу басылган 5 так калган. Кылмыш болгон жерден манжалардын издери, эки ашкана бычагы, кан болгон медициналык кол кап алынды. Бакыт Букаевдин сөөгү өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Бакыт Букаев каракчылардын курмандыгы болгон (18.11.2013)
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 18-ноябрда "тамада Бакыт Букаевди кылмышка шектүүлөр тоноо максатында өлтүрүшкөн" деген версия каралып жаткандыгын кабарлаган. Иликтөөлөрдө маркумдун батиринен Самсунг үлгүсүндөгү телефон, кара спорттук баштык жана ноутбук жоголгону белгилүү болду. 2013-жылдын 16-ноябрында Бишкек ШИИББинин Иликтөө башкармалыгында аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөөчү топ иштеп жаткандыгы. Телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат алууга жана уурдалган телефондун IMEI кодун аныктоого сот токтом чыгарганын жана иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылган.
Маркумдун өлүмүнө шектүүлөр кармалып, кылмыш ишинин бети ачылды (25.11.2013)
Букаевди өлтүрүүгө шектелип 1986-жылы туулган Худайбердиев Уланбек Турдибекович кармалган. Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган жаран буга чейин Орусияда уурулук үчүн соттолуп, 1 жыл 6 ай абакта отуруп, 24-октябрда Орусиядан депортацияланганы маалым болгон. Ошол эле жылдын 10-декабрында кылмышка шектүү экинчи жаран кармалган.
Маалыматка ылайык, кармалган 33 жаштагы Элдияр Абдыбаитов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. Ал 2010-жылы адам өлтүргөндүгүнө байланыштуу Өзгөн райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. 2011-жылы ал Чүй облусундагы жатак-колониялардын бирине которулган. 2015-жылдын 4-декабрында маркум Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган эки жаран 17 жана 18 жылга эркинен ажыратылышкан. Маалыматка ылайык, Букаевди өлтүргөндөрдүн бири Элдияр Абдыбаитов мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга кесилсе. Экинчиси Уланбек Худайбердиев мүлкүн конфискациялоо менен 17 жылга эркинен ажыратылган.
13-ноябрга карата жылнаама.