ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1960-жылы Чехияда эки поезд сүзүшүп, 118 жүргүнчү курман болгон

1960-жылы 14-ноябрда Чехиядагы Пардубице-Градец-Кралов жолунда, Стеблов станциясынан 1500 метр алыс жерде №653 жана №608-поезддери кагылышкан.

Кырсыктын келип чыгышына №608-поезддеги бригаданын мүчөлөрү күнөөлүү деп табылган. Алар Кралов вокзалынан кечигүү менен чыгып, ошол күнү айлананы булут каптап тургандыктан ылдамдыкты улам азайтып турушкан. Стеблов станциясындагы темир жол бир тараптуу болгондуктан каршы келе турган №653-поездди өткөрүп жиберишмек.

Стеблов станциясына жетип келгенде тыюу салынган белгини көрүп, бирок поездди айдоого башкы кондуктор уруксат берген. Поезддин ылдамдыгы бат эле жогорулап кеткен. Булуттан улам алар каршы келе жаткан поездди аралык 80 метр болгондо гана көрүшкөн. Бирок ылдамдыкты азайтуу мүмкүн эмес эле. Эки поезддин кагылышынан улам 118 жүргүнчү курман болуп, 110 адам ар кандай жаракаттарды алган.

14-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан