Иран менен Ирактагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 400дөн ашты

12-ноябрга караган түнү Иран менен Ирактын чек арасында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, Иранда каза болгондордун саны 407ге, жаракат алгандар 6 миң 700гө, ал эми Иракта каза болгондор 11ге, жаракат алгандар 500гө жетти. Иранда оор жаракат алгандардын саны көп болгондуктан алар учак аркылуу өлкөнүн борбору Тегерандагы ооруканаларга жеткирилүүдө.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги каза болгондордун саны дагы өсүүсү мүмкүн экенин, учурда урандын алдында калгандарды куткаруу иштери активдүү жүрүп жатканын билдирген.

Жер титирөөнүн очогу Ирактын борбору Багдад шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 204 чакырым алыстыкта, Ирандын Керманшах шаарынын батышынан 104 чакырым алыстыкта жайгашып, Ирандын батыш тарабындагы райондор жана Ирактын 4 провинциясы жапа чеккен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан