Алай районунда унаа 40 метрлик жардан кулап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Медер Шабданов билдирди.
Анын айтымында, кырсык 13-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымында болгон.
"1972-жылы туулган А.К. аттуу айдоочу Сары-Ташка бурула берген жерде рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен кошо 40 метрлик жардан кулап кеткен. Айдоочу алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден жан берген", - деди Шабданов.