Үч адамдын өмүрүн алган Исфана-Ош жолундагы кырсыкта жалпы 8 адам жабыркап, Лейлек районундагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Абдилаким Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, 4 адам жандандыруу бөлүмүндө, 3 адам травматологияда жатат. Ал эми бир адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, айрымдарынын баш сөөктөрү, жамбаштары сынып кеткен.
Жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын тизмеси:
1. И.Ш. (аял киши), 1980-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
2. А.И. (эркек бала), 2012-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
3. Б.О. (аял киши), 1966-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
4 У.Б. (аял киши), 1967-жылы туулган. Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну.
Травматология бөлүмүндө жаткандардын тизмеси:
1. Ж. кызы Ж., 1990-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
2. У.А. (эркек киши), 1998-жылы туулган. Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну;
3. Н.Н. (эркек бала), 2013-жылы туулган. Самат айылынын тургуну.
Жол кырсыгынан улам каза болгондордун тизмеси:
1. М.М. (эркек киши), 1986-жылы туулган. Маданият айылынын тургуну, Хонда Степвагондун айдоочусу;
2. А.Ш. (эркек киши), 1987-жылы туулган. Коргон айылынын тургуну, ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу;
3. Х.Х. (эркек киши), 1948-жылы туулган. Өзбекстандын Сырдарыя облусунун тургуну.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч адам каза болуп, сегиз адам жабыркаган.