Сокулук районунда үй куруу учурунда болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов тастыктады.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 142 (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) жана 236 (кен, курулуш, жарылуу коркунучу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Нурбек Токтосунов крандын айдоочусу кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.
Айта кетсек, 10-ноябрь күнү Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндөгү 28-үйгө автокран плита коюп жатып тросс үзүлүп кетип, коңшу жайгашкан №30-турак үйдүн үстүнө плита түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (1 эркек, 3 аял, 1 жаш кыз) жабыркап, 1 аял каза болгон. Жабыркаган 4 адам туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.