Биз социалдык тармакта

Кочкор районунда бир күндө ар кайсы жерден үч адамдын жансыз денеси табылды

Кочкор районунда бир күндө ар кайсы жерден үч адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү саат 13:16да ӨКМнын №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Орто-Токой тилкесиндеги Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин алып чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми 14-ноябрь күнү саат 16:22де Жылуу-Суу тилкесиндеги Чүй суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле 14-ноябрь күнү саат 11:45те Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын жансыз денеси табылып, куткаруучулар тарабынан алып түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admiral
2017-11-15 10:33:11
Акыркы кундору жакшы жанылык укпай калдыкго. Кудайым тынчылыгын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан