Иран менен Ирактагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 500дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 530га, жабыркагандардын саны 8 миңге жетти. Маркумдардын көпчүлүгү уранды алдында калып калышкан. Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Руханинин буйругуна ылайык, кырсык катталган жерде издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
Айта кетсек, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Иран Ислам Республикасы менен Ирак Республикасынын чек арасына жакын жайгашкан Керменшах жана Ислам провинцияларында жер титирөө катталган. Анын күчү очогунда 7,4 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Ирактын борбору Багдад шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 204 чакырым алыстыкта, Ирандын Керманшах шаарынын батышынан 104 чакырым алыстыкта жайгашып, Ирандын батыш тарабындагы райондор жана Ирактын 4 провинциясы жапа чеккен.