Сокулук районунда түн ичинде болгон кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Медер Шабданов билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрдан 15-ноябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылы тарапта болгон.
"1994-жылы туулган айдоочу Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен батышты көздөй баратып, жолго чыга калган эки адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1988 жана 1987-жылы туулган эки эркек киши окуя болгон жерден жан берген. Алар классташ болушкан. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилип, унаасы айып жайга токтотулду", - деди Шабданов.