Жалал-Абадда Июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү

31-май күнү Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдиновдун демилгеси менен 2010-жылдагы Июнь коогалаңында курман болгон Базар-Коргон РИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирет. Спорттук мелдешке шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын командалары жана Базар-Коргон районундагы айыл өкмөттөрдүн командалары катышып, чуркоо, жаа атуу, волейбол жана башка оюндар боюнча күч сынашты. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин атынан М.Сулаймановдун туугандарына жана үй-бүлөсүнө 20 000 сом тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан