Таласта митинг уюштурган активисттердин бири кармалды

Таласта өткөн митингдерде активдүү катышкан активист камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Жаңы Муун" саясий кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза билдирди.

"Таласта өткөн митингдерди уюштурууга активдүү катышкан Шамбет Кубатбековду 15-ноябрда милиция кызматкерлери Бишкектен кармап, алып кетишиптир. Бүгүн саат 17:00дө Кубатбековдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат", - деди Айбек Мырза.

Белгилей кетсек, 16-октябрда жана 3-ноябрда Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Patriot7
2017-11-15 16:16:07
Тынчтык митингине катышуу же уюштуруп откоруу укугун эч ким жокко чыгарган эмес!!!

Бийликтин козун май басып копкону корунуп турат... Атамбаев менен Жээнбеков "шайлоо отту, эми билген намазыбызды окуйбуз" деп ойлошсо, терен жанылышат...

Бул бийлик чириген дубалга окшош, туртуп койсо эле жыгылат... Ошол туртуп кою учун эл которулбой жатат... Эл бир катуу толкуса эле, Атамбаев менен Жээнбеков биринчилерден болуп качат. Эл болсо любой момент толкушу мумкун...
+8
erlist
2017-11-15 16:24:40
Patriot7,Эл толкубайт баары бир болуп калган курсаны тойсо болду эч ким чындык учун курошойн дебейт кайдыгерчилик кошоматчылык заманы болуп калган азыр.
+7
kokboru
2017-11-15 16:36:51
Жээнбек айтты элего,шайлоого чейин,Мен бир туугандарымды бийликке алып келбейм деп.Украинадагы өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп баратыптырго Жээнбектин бир тууган акеси.Эмне дейбиз,азыркы бийлик эптеп өтүп алыш,өткөндөн кийин,билгенимди кылам,бириң кату сүйлөп чыксаң камайм деген приныипти кылып алышты бул кан соргучтар.Шашпа атамбай сен али жооп бересин баарына.Боинг самалетунан каза болгондун туугандары,эл али унута элек.Сен баарына жооп бересин,20119- ж гада жооп бересин,кантип байып кеткенинеда
+5
jbolotov
2017-11-15 16:40:11
Атамбаевке тан калдым,элдин назарынан каргышынан коркуп ойлонбойт экенда.
+5
NURSAPAR
2017-11-15 17:49:44
Камайт го байкушту. Бийликтин эшеги ылайдан өттү эми билген намазын окуйт
+3
aydinnur
2017-11-15 18:19:38
Эмнеси болсо да бийлик күчтөндү кудай буюрса...эми интернеттеги ээн ооз диван баатырларына да тийиштүү мыйзам иштелип чыкса болот эле..
-6
ajdaaar
2017-11-16 03:09:57
aydinnur, мен президент болсом олкодогу кошоматчы, ири арамдарды каматмакмын чекеден....
-2
Xanisha
2017-11-16 09:10:00
ajdaaar,сен айыл окмоту эле болчу коройун президентти коюп. Коройун колундан келет экенби, тилин менен буудай кууруй бересин сайрап.
+1
aydinnur
2017-11-16 10:22:58
ajdaaar, эрдиги бар,эси жок сен экенсиң да иним))
0
kypchak-balasy
2017-11-18 15:48:03
ajdaaar, озунчоле ажиииидар
0
kypchak-balasy
2017-11-16 01:17:16
Тууура кылат кармап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан