Алмамбет Шыкмаматов сотто: "Тендерде унаа сатып алууга бөлүнгөн 4 миллион сомдун 700 миң сому үнөмдөлгөн"

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө Шыкмаматов тендердин кандай өткөнүн айтып берди.

Чынында тендерди өткөрүү тартиби бузулган. Жеңүүчү компания унааларды өздөрү сатып алыш керек эле. Билебиз да алар өздөрү сатып келсе, баасы кымбат, сапаты начар болот. Анан аудиторлор жеңүүчү компанияга унааны өздөрү сунушташкан. Болгону эле ошол. Бул жерде кылмыштын курамы жок. Тескерисинче ал тендерде унаа сатып алууга бөлүнгөн 4 миллион сомдун 700 миң сому үнөмдөлгөн. Баасы 20-22 миң доллар турган унааларды да сунушташкан.

Өлкөдө жылына 300-400 тендер өтөт. Анын 150дөн ашыгы жокко чыгарылат. Бирок ал үчүн эч ким жоопко тартылган жок. Алсак, “Коопсуз шаар” үч жолу тендер өттү. Эч кимди отургузган жок го”, - деди Шыкмаматов сотто.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermekbai
2017-11-15 16:29:56
АША каша
0
jbolotov
2017-11-15 16:44:37
Эми бир машинаны сатса саткандырда, ашып кетсе 1000-2000 $ кымбат саткандыр. Сариев жол салууда миллиондогондорду жеп койгон деп иштен кеткен элего? Ошолорду неге иликтешбейт тийиштуу органдар.
+1
Tailgate
2017-11-15 23:03:00
Мындай мыйзам бузуу менен откон тендерлер олко ичинде миллиондоп саналат! Канчалаган чиновниктердин фирмалары бар майда чуйдосун айтпайын крупный тендерлердин баарын чиновниктер беш манжадай кылып болуп алган! Мин финдеги отдел закупка коррупцияга белчесинен малынган! Укмуш мыйзам бар экен ошолорду карабайбы! Далилди сурасын мен тизмектеп берем. Чынында адамгерчилик деген сапат улуу кыргыз журтунда тугонуп калгандай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан