Нарында үч унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 15-ноябрга караган түнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болгон. Анда 25 жаштагы А.К. аттуу айдоочу Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып Кара-Үңкүр капчыгайынан Зил 130 жана Мерседес Бенц 230 үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүшкөн.
"Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Аккорд унаасындагы 19 жаштагы А.Г. жана Мерседес Бенц 230 унаасында бараткан 12 жаштагы А.А. ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле 44 жаштагы Т.Э., 44 жаштагы Т.Б. жана бир жаштагы С.Э. аттуу жүргүнчүлөргө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн", - деп билдиришти Нарын ОИИБинен.
Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгынын келип чыгуусуна Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу себепкер болгон.