Бир жыл мурун: 200 сом үчүн кыйылган өмүр. Шектүү канча жылга соттолду?

Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган К. уулу Т. кармалган.

Окуяга кыскача токтолсок, шектүү 2016-жылдын 16-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Дордой-1 жаңы конушунан жеке таксист болуп иштеген 1992-жылы туулган А.Мга кайрылып, "Ош базарына" чейин 200 сомго жеткирип коюшун өтүнгөн. Бирок "Ош базарына" жеткенде макулдашылган сумманы төлөбөй, кайра Дордой-1 жаңы конушун көздөй айдаткан. Качан "Дордой" базары тарапка жеткенде шектүү айдоочуну бетке чаап жиберген. Айдоочу рулга ээ боло албай, жол жээгиндеги контейнерди сүзүп токтогон. Ошол учурда шектүү таксистти бычак менен моюнга сайып, кансырап калганда "Дордой" базары тараптагы мүрзөнүн жанына таштап, таксисттин Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап кетип калган.

К. уулу Т. маркумдун унаасын айдап, Гагарин көчөсү менен батышты көздөй баратканда патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, 2017-жылдын 9-мартында шектүүгө карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, 1998-жылы туулган К. уулу Т. Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү), 172 (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) жана 174-беренелери (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөөсү белгиленген.

Андан сырткары өкүмдө соттолуучудан маркумдун атасынын пайдасына материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 269 миң 700 сом жана моралдык зыян катары 100 миң сом өндүрүү камтылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gute
2017-11-17 20:18:14
Сот туура окум чыгарыптыр Ушундай акмактарды тазалаш керек
+19
Nurmatova.
2017-11-17 20:47:17
Ким толойт эми
0
kechirmeni
2017-11-18 08:38:45
Nurmatova.,Баягы эле шордуу ата эне толойт да
+4
Nurmatova.
2017-11-17 20:47:26
Акчаны
0
Elmiraattokurkyzy
2017-11-17 21:25:39
Nurmatova.,соттолгон баланын уй булоосу толосо керек
+5
Arlenchik
2017-11-17 21:50:46
Адам омурун кыйган мындай акмактарды турмого отуругузуп аны бакпай эле атууга кетириш керек, андай мыкаачыларды жер бетинен тазалап калган жакшы.
+8
Tilek1989.
2017-11-17 21:56:38
Негизи киши олтургонду да атууга окум чыгарыш керек.Ошондо убийство азаймак Не за что канчалаган омурлор кыйылып жатат.
+1
Ermekbai
2017-11-18 01:30:53
Tilek1989.,андай жаза болсо менттер күнөөсүз адамдын мойнуна коюп күнөөсүз адам атылып кетет. Мындай адамдарга 120см лик түрмө жасап өмүр боюга кесиш керек. Бүкүрөйүп жүрүп өлөт и жащасын алат. Калган жазасын аркы дүйнөдө алат.
+3
Miomio
2017-11-17 22:41:31
Ooba tuura aytasynar atuu jazasyn kabyl alywybyz kerek!!! kayra kayra miyzamybyzdy ozgortposton uwul atuu miyzamyn kabyl alywsa bolmok jogoru jaktagylar
0
evra_kg
2017-11-18 10:17:50
Жаткан жерин жайлуу болсун досум артында эки баласы калды
0
Bars.
2017-11-18 15:04:14
Моралдык зыян катары 100 мин ото эле аз.
0
ooki8888
2017-11-20 09:37:59
Бул сроктун жарымында отура электе, амнистияга шылтоолоп чыгарып жиберишет, мындай айбандарды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан