Ысык-Көл районунда бир ай мурун катталган адам өлүмүнүн бети ачылды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 19-октябрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Кашат айылындагы үйлөрдүн биринин алма багында киши колдуу болуп өлгөн 26 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган.
Ыкчам-тергөө тобу тарабынан жансыз денеге кароо жүргүзгөн мезгилде маркумдун баш сөөгүндө көптөгөн канталаган тактар бар экендиги аныкталган. Факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы факты боюнча күбөлөрдүн айтымында, 17-октябрь күнү болжол менен саат 22:30 чамаларында маркум мас абалында айылдашынын (аял кишинин) үйүнө келип, эшигин ачуусун талап кылып, коркута баштаган. Балдары менен жалгыз болгон келин, мас айылдашынын коркутуусунан коркуп, ошол учурда Бостери айылында иштеп жаткан жолдошуна телефон чалып, тез арада келип калуусун суранган.
Эшикти каккылап жаткан мас айылдашын келиндин коңшулары Асанбек жана Нурбек аттуу адамдар келишип, аны токтотууга аракет кылышат. Андан кийин саат 24:00 чамасында келиндин күйөөсү мас айылдашын үйүнүн жанынан кармап алып, бир нече жолу бетке уруп жибергенде ал белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок бир күндөн кийин анын жансыз денеси алма бактан табылат.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү бир айдан кийин аныктоого үлгүрүштү. Алар ушул эле айылдын 40 жаштагы К.Асанбек жана 31 жаштагы А.Алтынбек аттуу тургундары болуп чыкты. Аларга коюлган далилдерден улам күнөөлөрүн моюндарына алышты. Шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти ОИИБден.