Жоопсуз сүйүүдөн 17 жашар бала асынып алды. Ал сүйгөнүнө кат жазып кеткен

Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагындагы үйлөрдүн биринде 17 жаштагы бала 15-ноябрь күнү асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 16-ноябрда Ички иштер министрлигинин алдындагы Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү Рашид Карабаев кабарлады. Жаш жигиттин мындай жолго баруусуна жоопсуз сүйүү түрткү болгон. Ал Бишкектеги колледждердин биринде окучу.

"Өз жанын кыйган бала сүйүү катын жазып кетиптир. Учурда иш териштирилип жатат. Жаш жигит иниси менен бирге жашачу экен", - деди Карабаев.

Өз жанын кыйган бала Чүй облусундагы Панфилов районунун тургуну болгон.

Эскерте кетсек, 14-ноябрда да Сокулук районунун Асыл-Баш айылында жашаган 9-класстын окуучусу асынып алган.

ИИМдин маалыматы боюнча ушул жылдын 10 айында эле 83 мектеп окуучусу өз өмүрүнө кол салган. 83түн 68и мектепте, 9у колледжде окугандар болсо, 5 бала мектепте окубагандар. Анын ичинен 58и эркек балдар, 28и кыздар. 1 факты боюнча кылмыш иши ачылып, иш тергөөдө. Жоопсуз сүйүү үчүн өз жанын кыйган 12, 2016-жылы 22 факты катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
tavanova.sarah
2017-11-16 15:09:40
Тообо кылдым! Эмнеле болуп баратат((
+5
dosym
2017-11-16 15:10:46
Балдарга туура тарбия бере албай жатат экенбиз кыргыз элим, жаштар келечегин көрө албай ушундай кадамдарга барып жатат
+6
aman0296
2017-11-16 16:44:14
dosym,бул жерде тарбиянын тиешеси жок. 17 жашта болсо переходный возраст деп коет. Ал куракта булар барынан коркушпайт.
+3
Batma08
2017-11-16 15:21:56
Суйууго ушунчалык берилгендерда бар экенда а
+4
Sagyn.91
2017-11-16 15:24:37
Откоол курактагы жаштарды козомолго алыш керек.
Суйуу эле эмес башка себептерден да оз жанына кол салгандар толтура. Бул курактагылар озун эчкимге керексиз сезишет. Баарына озун куноолу кылышат.
+3
Sarywka2017
2017-11-16 15:28:24
Иии ушундайдан корком. Бир бала бар 5-6 жылдан бери калбады же жок болбойт, коп жолу отказ кылдым, бирок болбоду. Акыркы жолу катуу айтып алып корктум. Ата-энесинин баары билет достору эгер бир нерсе болсо мен кунолу болом. Жакшы бала бирок жактыра албадым. Айтып койот эмеспи "любовь хорошо когда оба любят друг друга, а когда один это не любовь а мучение"-деп уф
-12
ekaterinburg
2017-11-16 15:43:47
Sarywka2017,сары кыз,дары кыз бол...Ал да асынып албасын!Как раз сарышка экенсин.
+2
gulzat85
2017-11-16 18:07:11
Sarywka2017,шумдугун кургур десе.
+3
bars_wire
2017-11-16 15:29:31
Республикалык кун-тун иштоочу психологдордун номерин жазып койсонор болчудай.Бул кабарды окуган окуучулар учун.
+6
dobrajelatel
2017-11-16 18:02:34
Адеп сабагынын ордуна психология сабагын отуу керек. Жок дегенде жылына эки жолу ата-энелер учун. Анан да куну-туну иштоочу онлайн консультант керек.
+8
cfif03748
2017-11-16 23:19:42
dobrajelatel,психолог мсихологу жок эле ислам сабагын киргизиш керек.мына ошондо токтойт
0
Aiel
2017-11-16 20:40:04
Оз омурун кыйган кудайга да жакпайт негизи динден кобуроок малымаат бериш керек да ошондо ата энесинда сыйлайт сабырдуу да болот андай ишке барбайт эле. Баарына атын очкур шайтан куноолуу.
+2
nurik903
2017-11-17 09:57:58
мухаммад хоблосс
видеолорун корунуздор
0
PeriPeri
2017-11-17 22:44:36
Кудай озу сактасын эмне деген жашоо болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан