Түштүк Кореянын жылдыздуу түгөйлөрү Ли Мин Хо менен Сюзинин кыз-жигиттик мамилеси үзүлгөнү айтылууда

Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ли Мин Хо менен ырчы, актриса жана модель Сюзи 2 жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүп жакында эле мамилелерин үзүштү. Мындай маалыматты Ilgan Sports басылмасы өздүк булактарга таянып жазып чыккан.

"Ли Мин Хо менен Сюзи эки башка жолду тандашканына аз гана убакыт болду. Буга жеке мамилелери себеп болгон. Учурда достук мамилелерин сактап калышкан", - деп жазылган анда.

Бул боюнча түгөйлөр расмий билдирүү таратышкан эмес. Бирок Сюзинин агенттиги JYP Entertainment "биз бул маалыматты өзүнөн тактап көрдүк жана чын экенин билдиребиз", - деп билдирген.

Белгилей кетсек, Ли Мин Хо менен Сюзи 2015-жылы кыз-жигиттик мамиледе экенин ачыкташкан. Бирок ушул кезге чейин бир гана жолу чогуу жүргөн кезде журналисттерге кармалып калышкан. Анда түгөйлөр бардан чыгып келе жатышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gute
2017-11-16 17:14:55
Суйуусу узулобу узулбойбу лично мага баары бир. Корейский фильмдерге вообще кызыкпайм коргонда эмесмин.
-2
Dan4ik88
2017-11-16 18:43:08
gute, анда эмне бул жерде жазып отурасын, кыйналып? Демек баари бир эмес, хы?!
-1
gute
2017-11-16 18:52:46
Dan4ik88, Сага соз жок, болгон тушунугун ушуга жеттиби.
-3
Atas
2017-11-16 17:17:28
Ushulardyn emnesi jakshy naglyi bolushat XXXХ
-2
beknur95
2017-11-16 17:50:30
Сопсоонун эле калк,эч эле наглый эмес ото эмгекчил эл корейлер,жашоолору кинодогудай эмес болсо дагы дайыма бактылуу журушот
+2
gulzat85
2017-11-16 18:04:50
Жаман болуптур
-2
Beks.Kasymov
2017-11-16 18:11:24
галдирбайлар
+1
anandi
2017-11-17 00:04:13
эх Ли Мин Хо мени эле суй деп канча айттым аягы ушул болмок Сюзи деп журуп не кунду кордун
0
Ferdews
2017-11-17 01:21:23
anandi,ошо ананди абжем эле сага тутот десем болбой койбодубу, сюзии деп))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан