Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда үстүнө чоң бетон плита кулаган үйдүн ичиндеги жаракат алган 4 адамдын бири ооруканадан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, кырсыктан жабыр тарткан 45 жаштагы аял бүгүн эртең менен саат 10:55те каза болгон.
"Анын эки буту сынып оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Операция жасоо үчүн алып бара жатканда жүрөгү токтоп, каза болуптур.
Аны менен кошо жаракат алып ооруканага түшкөн 3 адамдын бири наристе бала болчу. Анын жаракаты жеңил болгондуктан биринчи жардам көрсөткөндөн кийин эле кайра алып кетишкен. Учурда жабыркагандардын экөөнүн абалы оор. Аларды жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуш жүрүп жаткан учурда крандын тросу үзүлүп кетип, чоң бетон курулуш плитасы ичинде 5 адам бар үйдүн үстүнө кулап, 1 аял каза болгон.