5,2 миллион сомго тендерсиз 2 автоунаа сатып алган миграция кызматынын Орусиядагы өкүлдөрү күнөөлөнүүдө

Кыргыздын миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жооптуу адамдарына кылмыш иши ачылды. Башкы прокуратуранын 15-ноябрдагы маалыматына таянсак, мекеменин өкүлдөрү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлөнүп жатат.

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө булар аныкталган:

2016-жылы өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" жана башка мыйзамдарын бузуу менен Toyota Land Cruiser жана Toyota Corolla үлгүсүндө 2 автоунаа сатып алышкан. 2 автоунаа үчүн 5 миллион 219 миӊ сом жумшалган. Сатып алуу тендерсиз, түз келишим түзүү аркылуу жасалганы үчүн өкүлчүлүк кызматкерлери айыпталууда.

Кылмыш ишинин материалдары Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2017-11-16 18:34:44
Россияда Посольство иштебейт посольство барбы жокпу билбейсин. Мигранттардын суроолорун карабай корсо жыргап машина алышып жашоо керемет болуп жаткан турба булардыкы. Ушундай посольствонун барынан жогу жакшы
+15
nur_zhoni
2017-11-16 20:43:21
Toyota land cruiserдин озу эле 5миллион ары бери туратго эгер жылы 2015 2016 2017 болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан